settings icon
share icon
Суроо

Мына мен Ыйса - Машайак экендигине ынандым, эми эмне кылышым керек?

Жооп


Мына мен Ыйса - Машайак экендигине ынандым, эми эмне кылышым керек?

Куттуктоолорго арзыган иш! Сиздин турмушуңузда чоң өзгөрүш болду! “Эми эмне кылышым керек? Мен Кудай баштаган жолго кантип чыгышым керек?”, деген суроо жаралышы ыктымал. Төмөнкү беш кадам Ыйык Китептен алынган көрсөтмөлөргө таянат. Сиз аттанган жол жөнүндө маселелер болсо https://www.gotquestions.org/Kyrgyz боюнча кайрылыңыз.

1. Сиз аман калуунун маанисине туура ишенгениңизге ынаныңыз.

1 Жкн 5:13 бизге минтип айтат: “ Кудайдын Уулуна ишенүү аркылуу түбөлүк өмүргө ээ болгонуңарды билишиңер үчүн, мен муну силерге – Кудайдын Уулуна ишенгендерге жаздым”. Кудай биздин аман калуунун маанисин билишибизди каалайт. Кудай биздин аман калуубузга ишенип, бекем ойдо турганыбызды каалайт. Аман калуунун негизги пункттарын бир жолу санап өтөлүк:

а) Биз баарыбыз күнөө кетиргенбиз. Биз баарыбыз Кудайга жакпаган иштерди жазаганбыз (Римдиктерге 3:23).

б) Күнөөлөрүбүз үчүн биз Кудайдан түбөлүккө ажырап, жазаны тартышыбыз керек (Римдиктерге 6:23).

в) Биз тарта турган жазаны өзүнө алып Ыйса Машайак айкаш жыгачта өлүм тапты (2 Корунттуктарга 5:21). Анын кайра тирилгени, Өзүнүн өлүмү менен биздин күнөөлөрүбүздүн кунун толук төлөгөнүн далилдейт (Римдиктерге 5:8).

г) Анын өлүмү биздин күнөөлөрүбүз үчүн төлөгөн акысы болгонуна ишенип, Ыйса Машайакка ишенимди арткандарга, Кудай бизге кечирим жана аман калууну тартуулайт (Жкн 3:16; Римдиктерге 5:1; Римдиктерге 8:1).

Бул аман калуу жөнүндө кабар! Эгерде сиз Ыйса Машайак, биздин Куткаруучубузга ишенимиңизди арткан болсоңуз, күнөөлөрүңүз үчүн кечирим алууга мүмкүн. Күнөөлөрүңүздүн баары кечирилип, жана Кудай сизди эч качан калтырбоого, же сизден аттап кетпөөгө убада берет (Римдиктерге 8:38-39; Матай 28:20). Ыйса Машайак менен биздин аман калуубуз жөнүндө убада бек кармалат, ал эсиңизде болсун (Жкн 10:28-29). Эгер сиз Куткаруучубуз катары Ыйсага гана ишенсеңиз, сиз Кудайдын жанында асманда түбөлүктө өткөрөөрүңүзгө ишеничти сактаңыз.

2. Ыйык Жазууну окуткан жакшы жыйынды табыңыз.

Жыйын бул жөн гана имарат эмес. Жыйын бул ага барган адамдар. Ыйса Машайакка сыйынгандар бир бири менен ымалалашып жүргөнү абдан маанилүү. Бул жыйындын койгон негизги максаттарынын бири. Мына сиз Ыйса Машайакка ишенимиңизди артып, сиз жашаган аймакта Ыйык Жазууну окуткан жыйынды таап жана рухий насаатчы менен сүйлөшөм деген оюңуз болсо, биз сизди бекем колдойт элек. Ыйса Машайакка болгон ишенимиңиз жөнүндө ага билдирип, айтыңыз.

Жыйындын экинчи милдети - бул Ыйык Жазууну окутуу. Сиз андан Кудайдын айтканын өзүңүздүн турмушуңузда туура колдонууну үйрөнөсүз. Ыйык Китепти түшүнүү - бул Христиандыктарча ийгиликтүү жана көрүнүктүү жашоого ачкыч. 2 Тиметейге 3:16-17 айтылат: “Ыйык Жазуунун бардыгы Кудайдын Рухунун жетеги менен жазылган жана үйрөтүү үчүн, ашкерелөө үчүн, оңдоо үчүн, адилеттүү болууга тарбиялоо үчүн пайдалуу. Ал аркылуу Кудайдын адамы жеткилең жана бардык жакшы ишке даяр болот”.

Жыйындын үчүнчү максаты бул сыйынуу. Сыйынуу бул Кудайга бардык жасагандары үчүн алкыш айтуу! Кудай бизди сактап калды. Кудай бизди сүйөт. Кудай биз үчүн кам көрөт. Кудай бизди коштоп жана жол көрсөтөт. Кантип биз Ага алкыш айтпай тим болобуз? Кудай ыйык, адилеттүү, кеңпейилдүү, толугу менен сүйүү жана касиеттен турат. Аян 4:11 айтат: “ Теңир, Сен даңталууга, урматталууга жана бийлик кылууга татыктуусуң, анткени бардыгын Сен жараттың, бардыгы Сенин каалооң менен жаратылып, бар болуп турат».

3. Кудайдын сөзү жөнүндө ой жүгүртүүгө күнүгө убакыт бөл.

Күнүгө Кудай жөнүндө ой жүгүртүүгө убакыт бөлүү биз үчүн абдан маанилүү. Кээ бир адамдар аны “тынч убакыт” деп коюшат. Башкалар муну “арноо” дешет анткени бул убакты Кудайга арнап, берилген болобуз. Кээ бирөөлөр бул убакты эртең мененки саатка коюшат, башкалар аны кечкисин жасашат. Бул убакты сиз кантип атаганыңыздын жана качан койгонуңуздун айырмасы жок. Кудай менен такай убакыт өткөргөнүңүз гана маанилүү. Кудайы менен өткөргөн убакыт эмнеден турат?

а) Дуба окуу. Дуба кылуу - бул Кудай менен сүйлөшүүнүн бир түрү. Ага сизди капа, кыжаалат кылган нерселерди айтып бериңиз. Сизге акыл үйрөтүп жана жолду көрсөтүүнү сураңыз. Андан сиздин бардык муктаждыктарыңызга кам көрүүнү сураңыз. Сиз Аны канчалык сүйөөрүңүздү айтып жана Ал сиз үчүн кылгандарынын барын билип, барктаганыңызды айтыңыз. Дуба окуунун мааниси мына ушул.

б) Ыйык Китепти окуу. Ыйык Китепти жыйында, Жекшемби Мектебинде, же болбосо Ыйык Китеп окуусунда окугандан тышкары, сиз Ыйык Китепти өзүнчө да окууңуз зарыл. Ыйык Китепте сиздин ийгиликтүү жашооңузга зарыл болгондун бары камтылат. Туура чечимдерди кылууга, Кудайдын эркин билүүгө, башкаларга насаат айтууга, жана рухий өсүшкө маанилүү болгон Кудайдын акылмандуулугун камтыйт. Ыйык Китеп бул - Кудайдын Сөзү. Ал Кудайга жаккан жана бизди ыраазычылыкка бөлөгөн турмушту өтөөгө берилген колдонмо.

4. Рухий жактан өсүүгө жардам бере ала турган адам менен мамилелешиңиз.

1 Корунттуктарга 15:33 мындай дейт: “Алданбагыла, акылсыз адамдар менен достошкон адам бузулат”. Ыйык Китепте, жаман элдин бизге болгон таасири жөнүндө көп айтылат. Адепсиз иштерге баткандар менен убакыт бирге өткөрүү, бизди да бул иштерге азгырылтып коюшу мүмкүн. Биздин айланабыздагы адамдардын мүнөзү , бизге да “жугуп” калышы мүмкүн. Ошондуктан, айланабыз Теңирибизге берилген жана Аны жүрөгү менен сүйгөн башка адамдардан турганы абзел.

Сизге жардамга келе турган жана колдой ала турган бир же эки дос күтүүгө аракет кылыңыз, балким алар сиздин жыйындан чыгаар (Эврейлерге 3:13;10:24). Досторуңузга сиздин Кудай менен болууга арналган, тынчтыкты талап кылган убакытыңыз, сиздин иштер жөнүндө айтып бериңиз. Эгерде, алар сиз сымал ошондой эле жагдайда болушса, ал жөнүндө да сураңыз. Бул Теңир Ыйсаны өзүнүн Куткаруучусу катары тааныбаган баардык досторуңузду таштап кетүү дегенди билдирбейт. Алар менен мамилеңизди токтотуп салбаңыз жана сүйгөндөн калбаңыз. Жөн гана Ыйса сиздин турмушуңузду кескин өзгөрткөнүн айтып, жана сиз эми мурдакыдай жасаган иштерди жаса албай калганыңзды айтыңыз. Досторуңуз менен Ыйсанын ырайымын бөлүшүүгө Кудайдан мүмкүнчүлүк тилеңиз.

5. Чокунуңуз

Элдин көбү, чокунуун маанисин туура эмес түшүнөт. “Чокунуу”, деген сөздүн түпкү мааниси - сууга чөмүлүү болот. Чокунуу - бул Ыйык Китеп боюнча, өзүнүн Ыйсага болгон жаңыдан күткөн ишенимин жана Ага берилип, жактагандыгын элдин алдында билдиргени болот. «Сууга чөмүлүү» – Машайак менен көмүлгөнүн элестетет. «Суудан чыгышы» -Машайактын тирилгенин элестетет. Чокунуу - бул Ыйсанын өлүмүн, көмүлүшүн жана тирилишин өз

үнө ченегендей болот (Римдиктерге 6:3-4). Жалгыз чөмүлдүрүлүү сизди сактап калбайт. Ал сиздин күнөөлөрүңүздү жууп кетпейт. Бул болгону гана баш ийүүнү көрсөтүүгө кадам, Машайак гана куткара алат деген ишенимди элдин алдында жарыялагандыгы. Чөмүлдүрүлүүнүн мааниси - Машайаккка элдин алдында ишенимиңизди жана Ага берилгениңизди билдирип, баш ийүү кадамы катарында каралат. Сиз чөмүлдүрүлүүгө даяр болгонуңузду сезсеңиз, анда өзүңүздүн насаатчыңызга айтыңыз.

English



Кыргыз үй барагына кайтуу

Мына мен Ыйса - Машайак экендигине ынандым, эми эмне кылышым керек?
Facebook icon Twitter icon Pinterest icon Email icon
© Copyright Got Questions Ministries