settings icon
share icon
Суроо

Машайакчы бул ким?

Жооп


Вебстер Сөздүгү Машайакчыны “Ыйсанын окуусунда негизделген динге же Ыйса Машайакка болгон ишенимге берилген инсан”, деп аныктайт. Мындай сөз Машайакчы ким экенин түшүнүүдө жакшы башталыш болгону менен, башка көптөгөн диний эмес аныктамалар сыяктуу, Машайакчы бул ким экени жөнүндө библиялык чындыкты берүү жактан өксүйт.

«Машайакчы» деген сөз, Жаңы Осуятта үч жолу пайдаланып, айтылат (Иштер 11:26; Иштер 26:28; 1 Петр 4:16). Ошентип, биринчи жолу Антиохиядагы шакирттер “Машайакчылар деп аталып калышты” (Иштер 11:26). Аталганын себеби алардын жүрүм-туруму, жасаган иштери жана сөзү Машайактыкындай болчу. Башынан бул Антиохиянын касиет даарыбаган элдин - Машайакчыларды шылдыңга алууга арналган кемсинткен лакап аты болчу. Анын так мааниси, “Машайак тараптык” же болбосо “Машайактын жактоочусу” Вебстер Сөздүгүнүн аныктамасына абдан окшош.

Аянычтуу жагы, “Машайакчы” деген сөз өзүнүн маанисин кыйла жоготуп жана көп учурда дин туткан же болбосо ыйык моралдык касиеттерге ээ адамга карата айтылат, Ыйса Машайактын жаңыдан пайда болгон жактоочу мааниси унутулуп калат. Ыйса Машайакка сыйынбаган элдин көбү өзүн Машайакчымын деп жүргөнү алардын чиркөөгө барып жана “Христиан” өлкөсүндө жашаганында эле. Бирок жалаң гана чиркөөгө баруу, сизге караганда бактысы кемдерге, же жөн эле жакшы адам болуу сизди Машайакчылардын катарына кошпойт. Инжил үгүттөөчүлөрдүн бири бир убакта минтип айткат экен, “Чиркөөгө баруу сизди кандай Машайакчыга айлантса, гаражга барганыңыз сизди автомобилге айлантып жибербегениндей эле.” Чиркөөнүн мүчөсү болуп, кызматына такай катышуу жана чиркөөнүн ишине салым кошуу сизди Машайакчыга айлантып да жибербейт.

Ыйык Китепте мындай дейт: « Ал бизди адил иштерибиздин негизинде эмес, Өзүнүн ырайымынын негизинде кайра төрөлтүү менен жуунтуу жана Ыйык Рух аркылуу жаңылантуу менен куткарып алды» Тит 3:5. Ошондуктан, Машайакчы бөлөк бөтөндөн эмес Кудайдан жогорудан кайрадан төрөлгөн жандык (Жкн 3:3; Жкн 3:7; 1 Петир 1:23). Эфестиктерге 2:8 бизге мындай деп айтылат: “ Силер ырайымдын негизинде, ишеним аркылуу куткарылдыңар, бул силерден эмес, бул - Кудайдын белеги”. Чыныгы Машайакчы бул өзүнүн жасаган күнөөсүнө өкүнүп жана өзүнүн ишенимин жалаң гана Ыйса Машайакка арнаган адам. Алардын ишеними - бул бир динде болуп, же эмне кылуу керек, эмне кылбаш керек деген сыяктуу моралдык эрежелердин тизмеси менен жүрүүнү билдирбейт.

Чыныгы Машайак бул Ыйса Машайактын айкаш жыгачта өлүмү менен айыптардын жууп кеткенине, үч күндөн кийин өлүмдү жеңгенин билдирип жана Ага ишенгендерге түбөлүк жашоону тартуулаганы жөнүндө маселеге ишенгенине карата айтылат. Жкн 1:12 минтип айтылат: “ Ал эми Аны кабыл алып, Ага ишенгендерге Кудайдын балдары болуу бийлиги берилди.” Чыныгы Машайакчы бул Кудайдын баласы, Кудайдын чыныгы үй-бүлөөсү, жана ага Машайак аркылуу жаңы жашоого мүмкүнчүлүк берилет. Чыныгы Машайакчынын белгиси бул башкаларга болгон сүйүүсү жана Кудайдын Сөзүнө баш ийүү болот (1 Жкн 2:4; 1 Жон 2:10).

Бул жерде окуганга муюп Ыйса Машайак жакта болууга чечим кыласызбы? Эгер андай болсо, астындагы “Мен бүгүн Машайак үчүн чечим кылдым”, деген баскычты чык этиңиз.
English



Кыргыз үй барагына кайтуу

Машайакчы бул ким?
Facebook icon Twitter icon Pinterest icon Email icon
© Copyright Got Questions Ministries