Суроо
Кудай барбы? Кудайдын бар экендигин далилдеп берчү күбөлөр барбы?
Жооп
Кудай барбы? Бул маселе элдин мынчалык кызыктырганы өзүнөн өзү көңүлдү бурат. Акыркы убакта жүргүзүлгөн сурап чыгуулардын жыйынтыгында дүйнө бетиндеги элдин 90% -Кудай же башка ушу сыяктуу жогорку Алла Таалага ишенгени билинди. Ошого карабастан, Анын бар болгонун далилдөө максаты Кудайга ишенгендерге ыйгарылып берилет. Мындайда муну аткарууга башка жолдорду издөө керектиги негизсиз көрүнөт.
Канткен менен, Кудайдын бар экендигин далилдөө же аны четке кагууга да болбойт. Ыйык Китепте Кудайдын бар болгондугун далилсиз кабыл алууга тийишпиз деп: “ Кудайга ишенимсиз жагууга мүмкүн эмес: Кудайга келген адам Анын бар экендигине, Аны издегендерге Ал тиешелүүсүн берерине ишениши керек” (Эврейлерге 11:6). Эгер Кудайдын көңүлү келсе, Ал жөн эле көрүнүшү менен дүйнөгө Өзүнүн бар экендигин маалым кылат эле. Бирок Ал анткен болсо, анда ишенимге деле муктаждык болбой калат эле. “Ыйса ага: “Сен Мени көргөндөн кийин ишенип жатасың, көрбөй ишенгендер бактылуу” (Жкн 20:29).
Бирок муну менен биз Кудайдын бар экендигине күбө жок деген жерибиз жок. Ыйык Китепте минтип айтылат: “Асман Кудайдын даңкын жар салып жатат, аалам Анын колдору жасаган иштерди кабарлап жатат. Күн күнгө сүйлөп, түн түнгө билим берет. Алардын үнүн укпаган бир да эл, бир да улут жок. Алардын үнү бүт жер жүзүн аралап өтөт, алардын сөзү аалам чегине жетет” (Забур 18:1-5). Башты көтөрүп жылдыздарды караганда, ааламдын кеңдигин элестеткенде, жаратылыштын укмуштуу кереметтерине күбө болгондон, күн батыштын кооздугуна суктанганда—мунун баары Жараткан Кудай көздөй колун жаңсагандай болушат. Мунун баары жетиштүү болбосо, биз өзүбүздүн жүрөктөрүбүздө Кудайдын далилин алып жүргөнүбүз белгилүү . Насаатчы 3:11 минтип айтылат: “…Ал алардын жүрөгүнө түбөлүктүлүктү салды". Биз жүрөгүбүздүн түпкүрүндө бул жашоодон жогору турган жана бул дүйнөдөн жогору турган бирдеменин бар экендигин ырастайбыз. Биз акылыбыз менен бул билимди тансак да, биздин ичибизде уялаган Кудай бизден өтүп биздин арабызда турат. Бирок ошого карабастан кээ бирөөлөрдүн Кудайдын бар экендигин тангандары жөнүндө Ыйык Китепте эскертилет: “Кудай жок” - деп ичинен айтып жаткан акмак бар делинет” (Забур 14:1). Эгерде тарых боюнча, баардык маданияттар, баардык доорлордо, баардык континенттердин үстүндө элдин 98% Кудайдын түрүн кийген бирдеменин бар болгонуна ишенсе, демек ал ишеничти кубаттаган бир нерсе (же бирөө) бар болгону бышык.
Кудайдын бар экендигин жактаган библиялык жүйөөлөрдүн үстүнө кошулуп, логикалык жүйөөлөр да бар. Эң мурда, бул онтологиялык жүйөөлөр. Бул жүйөөнүн эң кеңири кетип өзүнө тарткан түрү - Кудай жөнүндө негизги ой - Кудайдын бар экендигин далилдөөгө жумшалат. Ал ой -“Андан зор ойго бата тургандай эч нерсе жок”, деп башталат. Андан ары бар болгон жок болгонуна караганда алда канча зор болгону талкууланып, кандайдыр бир элестетүүгө зор болгон жандыктын бар болушу жөнүндө жүйөө чыгарылат. Кудайдын жок болгону –Ага окшош, жандуу жана зор нерсенин жок болгондугун билдирет, бирок бул Кудайдын аныктамасы менен карама каршы келип чыгат. Экинчиси бул телеологиялык жүйөө. Телеологиялык жүйөө дүйнөнүн мынчалык баардык жактан ойлонуп жасалганы, жогору жакта укмуштуу Дизайнердин гана колунан келет, деген ой туулат. Мисалы үчүн, эгерде жер күндөн бир нече жүз миль жакыныраак, же алысыраак жайгашкан болсо, азыркы көргөн жашоонун көбүн көрүүгө мүмкүн болбойт эле. Эгерде биздин атмосферада учуп турган элементтердин саны проценттин жүздөн бир нече бөлүгү менен айырмаланса, жер үстүндө жашаган жандыктар баары кырылып өлмөк. Жалгыз протеиндин молекуласынын кокустан жаралышынын тобокели 10243 ичинен бирге барабар. Бир эле клетка -миллион протеиндин молекуласынан турат.
Кудайдын бар экенин жактаган үчүнчү логикалык жүйөө космологиялык жүйөө. Ар бир окуянын өзүнүн себеби болот. Дүйнө жана анда болгон баардык нерселер бул окуялар. Ошондуктан, мунун барынын жаралышы себептүү болууга тийиш. Талдап туруп акырында, мунун барынын жаралышына “себеп жок”, бир нерсе болууга тийиш. Бул “себеп жок” - Кудайдын Өзү.
Төртүнчү жүйөө бул моралдык жүйөө деп таанылат. Ар бир маданият тарабынан мыйзамдын бир түрүн сактап келгенин тарыхтан билинет. Ар бир адамдын «туура, туура эмес» жөнүндө түшүнүгү бар болот. Адамды өлтүрүү, жалган айтуу, уурдоо жана адепсиздикти кайсы эл, кайсы жер болбосун жерийт. Ыйык Кудайдан берилбесе, эмне туура, эмне туура эмес жөнүндө түшүнүк каяктан адамдын жүрөгүндө туюлмак?
Ушунун барына карабастан, Ыйык Китепте Кудай жөнүндө ачык-айкын жана танууга болбогон билимди четке кагып, анын ордуна калп нерселерге ишенген элдин баарына айтат. Римдиктерге 1:25 минтип айтылат: “ Алар Кудайдын чындыгын жалганга алмаштырышты, Жаратканга табынуунун, кызмыт кылуунун ордуна жаратылган нерселерге табынышты, кызмат кылышты...» Оомийин! Ыйык Китепте Кудайга ишенбеген адамдарды кечирүүгө себеп жок деп айтылат: “Дүйнө жаратылгандан бери Кудайдын көзгө көрүнбөгөн табияты: түбөлүктүү күчү жана кудайлыгы Анын жараткан нерселерин карап чыгуу аркылуу көрүнөт. Ошондуктан бул адамдар актана алышпайт” (Римдиктерге 1:20).
Адамдар Кудайга сыйынбаганынын себеби “бул илимге жатпайт” же “анткени буга далил жок” дешет. Бирок чыныгы себеп эгерде адамдар Кудайдын бар экендигине макул болушса, алар Кудайдын астында жоопкерчиликтүү болуп калаарын жана Анын кечиримине муктаж болоорун ырасташы да керек (Римдиктерге 3:23; 6:23). Кудайдын бар болгону чын болсо, анда биз жасаганыбыз үчүн Ага жооп беришибиз керек. Эгерде Кудай жок болсо, анда биз Кудай бир кезде жоопко тартары жөнүндө унутуп, оюбузга келгенди жасай алабыз да. Эволюция өткөн сайын Жараткан Кудайга ишенүүгө каршы жаткан жолду берүүгө, ынтызар болгон элдик коомубузда, көп санда чыгышы ошондон. Кудай бар жана жүрөгүнүн ичинде бары Анын болгонун билишет. Анын бар экендигин ушунчалык жанын үрөп текке чыгаруура жасаган аракеттер, өзүнөн өзү Анын бар экендигине айкын факт болуп бере алат.
Кудайдын бар экендигине дагы бир далил келтирелик. Кудайдын бар болгонун биз кайдан билебиз. Машайакчылар катары, биз Кудайдын бар болгонун Аны менен күн сайын сүйлөшүүдөн билебиз. Биз Аны кайра бизге уга алгандай сүйлөйт дей албасак да, бирок биз Анын жаныбызда турганын сезебиз, биз Ал көрсөткөн жолду көрөбүз, Анын жылуу сүйүүсүнө жана ырайымына зар болобуз. Биздин жашообузда кээ бир окуялардын болушу Кудайдан деп гана түшүнүүгө болот. Кудай ушунчалык укмуштуу жолдор менен бизди сактап жана жашообузду кескин өзгөртүп жиберет дейсизби, жана ошондо биз Анын бар болгонуна алкыш айтып, таанып калуудан башка арга жок болуп калат. Жогорудагы жүйөөлөрдүн бири да өзүнөн өзү, же алар себептүү, ачык айкын турган нерседен баш тарткандарды ынандыра албайт. Акыр аягы, Кудайдын бар экендигине ишенүүгө гана тийишпиз (Эврейлерге 11:6). Кудайга ишенип, сыйынуу -бул жардан караңгылыкка боюн таштоо эмес; бул 90% элдин, эмитен турган, жарыкка толгон үйдүн босогосуна ишенимдүү кадам таштоо.
English
Кудай барбы? Кудайдын бар экендигин далилдеп берчү күбөлөр барбы?