settings icon
share icon
Суроо

Түбөлүк Өмүргө жетүү үчүн жол барбы?

Жооп


Түбөлүк Өмүргө жетүү үчүн, Ыйык Китепте анык жол көрсөтүлөт. Биринчиден, биз Кудайдын астында күнөөкөр экендигибизди моюнга алышыбыз керек: “Себеби бардыгы күнөө кетирип, Кудай ээ кыла турган даңктан айрылып калышкан” (Римдиктерге 3:23).

Биз баарыбыз Кудайга жакпаган иштерди кылдык, жана ал үчүн жаза тартабыз. Биздин бардык күнөөлөрүбүз үчүн, Түбөлүктүү Кудайга каршы болуп чыккандыгыбыз үчүн түбөлүк жазага гана татыктуубуз. “Анткени күнөө үчүн жаза - өлүм, ал эми Кудайдын белеги – Теңирибиз Машайак Ыйса аркылуу бериле турган Түбөлүк өмүр” (Римдиктерге 6:23).

Бирок, Ал эч кандай күнөө кылган эмес (1 Петир 2:22). «Эң башында Сөз болгон, Сөз Кудайда болгон. Сөз адам болуп, биз менен жашап турду. Биз анын даңкын, Атанын жалгыз Уулунун даңкын көрдүк. Ал ырайымдуулук менен акыйкатка толо эле». “Машайак болсо биз күнөөкөр кезде биз үчүн өлдү. Бул аркылуу Кудай Өзүнүн бизге болгон сүйүүсүн далилдеди” (Римдиктерге 5:8). «Машайак аркылуу Өзүнүн алдында бизди адилеттүү кылыш үчүн, күнөөнү билбеген Машайакты биз үчүн күнөө кылды» (2 Корунттуктарга 5:21). «Ыйса Машайак айкаш жыгачта өлүм тапты (Жкн 19:31-42). «Үчүнчү күнү тирилди» (1 Корунттуктарга 15:1-4). “Теңирибиз Ыйса Машайактын Кудайы жана Атасы даңталсын! Анткени Ал Ыйса Машайакты өлгөндөрдүн арасынан тирилтүү аркылуу бизге тирүү үмүт берди” (1 Петир 1:3).

Ишенимибизде Ыйса Машайак тууралуу өзүбүздүн көз карашыбызды -- Ал өзү ким, эмне иштерди жасады эле жана алардын себеби эмнеде, деген суроолорго берилип -- өзүбүздү сактап калыш үчүн өзгөртүшүбүз керек (Иштер 3:19). Эгерде биз Ага ишенимибизди артсак, ал айкаш жыгачтын үстүндөгү өлүм менен биздин кылган күнөөбүздү актап кеткенине ишенсек, биздин күнөөбүз кечирилип, асмандагы түбөлүк жашоого убада берилет. “Кудай бул дүйнөнү абдан сүйгөндүктөн, Өзүнүн жалгыз Уулун берди. Кудай Аны Ага ишенген ар бир адам өлбөй түбөлүк өмүргө ээ болсун деп берди» (Жкн 3:16). “Эгерде сен өз оозуң менен Ыйсаны Теңирим деп ачык таанысаң, Кудайдын Аны өлгөндөрдүн арасынан тирилткенине чын жүрөгүң менен ишенсең, анда куткарыласың” (Римдиктерге 10:9). Машайактын күнү айкаш жыгачтын үстүндө бүттү, деген ишеним менен түбөлүк жашоого бирден бир чыныгы жол ачылат! “ Силер ырайымдын негизинде, ишеним аркылуу куткарылдыңар, бул силерден эмес, бул – Кудайдын белеги. Эч ким мактанбаш үчүн, бул кылган иштерден да эмес” (Эфестиктерге 2:8-9).

Эгер сиз Ыйса Машайакты өзүңүздүн Куткаруучуңүз катары кабыл алганыңыз келсе, мына жөнөкөй дубанын мисалы. Бирок эсиңизде болсун, бул дубаны же башка бөлөк дубаны окуу менен сиз аман калууга үмүттөнбөңүз. Ыйса Машайакка гана ишенүү сизди күнөө кылуудан сактайт. Бул дуба Кудайга болгон ишенимиңизди айтып жана Ал сизге түбөлүк өмүр даярдап койгону үчүн алкыш айтуунун жөнөкөй жолу: «Кудайым, Сенин астыңда мен күнөөкөрмүн жана ага жараша жазаны алышым керек. Бирок, Ыйса Машайак мен ала турган жазаны өзү тартып, мага өлүмдөн сакталышыма үмүт берди. Сен мени куткарат деп ишенем. Сен түбөлүк өмүрдү арнап көрсөткөн укмуштуу ырайымың жана кечиримдүүлүгүң үчүн рахмат!» Оомийиин!

Жогоруда окуганга муюп, Машайак тарабында болгуңуз келеби? Эгерде андай болсо, астындагы “Мен бүгүн Машайак үчүн чечим кылдым”, деген баскычты чык этиңиз.
English



Кыргыз үй барагына кайтуу

Түбөлүк Өмүргө жетүү үчүн жол барбы?
Facebook icon Twitter icon Pinterest icon Email icon
© Copyright Got Questions Ministries