settings icon
share icon
Суроо

Ыйса Кудайбы? Ыйса өзүн Кудай катары жарыялаганы барбы?

Жооп


Ыйса өзүн “Мен Кудаймын”, деп айтканы Ыйык Китептин эч бир жеринде жок. Бирок, ошондой болсо да, Ал өзүн Кудай катары чыкпаганын билдирбейт. Мисалы, Жакан 10:30 Ыйсанын мындай айткан сөздөрү жазылды: “Мен жана Атам бирбиз”. Биринчи караганда, бул Кудайдан болгондой сезилбейт. Бирок, Жүйүттөр Анын сөзүн мындай кабыл алышкан: “Жакшы иштериң үчүн эмес, Кудайга акарат келтиргендигиң үчүн, адам болуп туруп, Өзүңдү Кудай кылып жаткандыгың үчүн, таш баранга алганы жатабыз”, - деп жооп беришти (Жкн 10:33). Жүйүттөр Ыйса өзүн Кудай катары жарыялагандай кабыл алышты. Кийинки саптарында Ыйса жүйүттөрдүн сөзүн оңдоп, “Мен Кудаймын деген жокмун”,- деп текке чыгарган жок. Мындан Ыйса- Кудай болгонун “Менин жана Атам бирбиз», (Жкн 10:30) - деп айтканынан Ыйса Кудай болгону чын экендиги билинет. Дагы бир мисал Жкн 8:58 келтирет: Ыйса аларга: “Чындыкты, силерге чындыкты айтып коеюн, Мен Ыбрайымдан мурун эле бар болчумун”. «Ошондо алар Ыйсаны уруш үчүн, жерден таш алышты» (Жкн 8:59). Эгерде, Ыйса алардын көз карашында, аларга Кудайды кордогондой сөздү, тактап айтканда, «Кудаймын», деп айтпаса, эмнеликтен Жүйүттөр Ыйсаны таш баранга алгысы келмек эле?

Жкн 1:1 айтат экен: “Сөз Кудай болчу.” Жкн 1:14 “Сөз этке бөлөндү” дейт. Бул саптарда Ыйса эттен жасалган Кудай болгону ачык айтылат. Иштерде минтип айтылат, “...Өз канын төгүп сатып алган Жыйынын кайтаргыла”. Ким Жыйынды Өз канын төгүп сатып алды эле? Ыйса Машайак. Ошондуктан, Ыйса - Кудай болгону чын!

Томас, Ыйсанын шакирти Ага: “Теңирим меним! Кудайым менин!”, деп жарыя кылганы бар (Жкн 20:28). Ыйса анын сөзүн оңдогон жок. Тит 2:13 бизди Кудай жана Куткаруучу болгон Ыйса Машайактын келишин күтүүгө үгүттөйт (дагы 2 Петр 1:1 караңыз).

Аянда, периште Пайгамбар Жаканды жалаң гана Кудайга сыйынууга үгүттөйт (Аян 19:10). Ыйык жазууда, Ыйса өзүнө болгон сыйынууну бир нече жолу кабыл алганы айтылат: (Матай 2:11; 14:33; 28:9,17; Лука 24:52; Жкн 9:38). Ыйса, Ага сыйынган элди эч качан каккан жок. Эгерде Ыйса Кудай болгон эмес болсо, Ал Аянда периште кылгандай элди Ага сыйынбасын деп сурамак. Ошондой эле, Ыйык Жазууда, Ыйсанын касиеттүү жаралышын кубаттаган дагы башка көп саптар жана үзүндүлөр бар.

Ыйсанын Кудай болушунун эң маанилүү далили, эгерде ал Кудай болгон эмес болсо, Анын өлүмү бүткүл дүйнөнүн күнөөсүн жууп кетүүгө жетиштүү болмок эмес (1 Жкн 2:2). Жалгыз гана Кудай бул учу-кыйры айыпты төлөй ала тургандай касиетке ээ. Кудай гана Өзүнө дүйнөнүн күнөөсүн алып, өлүп берип, кайра тирилүү менен күнөө жана өлүмдү жеңгенин көрсөтүп бермек (2 Корунттуктарга 5:21).

English



Кыргыз үй барагына кайтуу

Ыйса Кудайбы? Ыйса өзүн Кудай катары жарыялаганы барбы?
Facebook icon Twitter icon Pinterest icon Email icon
© Copyright Got Questions Ministries