settings icon
share icon
Суроо

Ыйсаны өзүнүн Жеке Куткаруучусу катары кабыл алуунун мааниси эмнеде?

Жооп


Сиз Ыйса Машайакты өзүңүздүн Куткаруучуңуз катары кабыл алган учуруңуз болду беле? Жооп берүүдөн мурда, мага суроону талдап түшүндүрүп берүүгө уруксат этиңиз. Бул суроону туура түшүнүш үчүн, сизге мурда “Ыйса Машайак”, “Жеке”, жана “Куткаруучу” деген сөздөргө туура түшүнүшүк берүү азбзел.

Ыйса Машайак бул өзү ким? Элдин көбү Ыйса Машайакты- жакшы адам, улуу насаатчы, же болбосо Кудайдын пайгамбары катары тааныйт. Бул Ыйсага карата айтылган сөздөрдө чындык бар болгону шексиз, бирок алардын Анын чындыгында ким болгонун аныктоого кудурети жетпейт. Ыйык Китепте: Сөз -Ыйса этке бөлөнүп, Кудайдын Адам болуп жерге келгени жөнүндө айтылат (Жкн 1:1, 14). Кудай жерге бизди окутууга, акыл сөздү айтууга, айыктырууга, оңдоого, жана бизди кечирүүгө жана биз үчүн өлүм жазасын алууга келген! Ыйса Машайак бул Жараткан Кудай, эгемендүү Теңирибиз. Ушундай Ыйсаны сиз кабыл ала тургандай жайыңыз барбы?

Куткаруучу бул Ким жана биз эмне үчүн ага муктажбыз? Ыйык Китепте биз баарыбыз күнөөкөр экендигибиз жана жаман гана иштерди жазай тургандыгыбыз жөнүндө айтылат (Римдиктерге 3:10-18). Биздин айыптарыбыздын натыйжасында, биз Кудайдын каарына калып, Анын сотуна тартылмакчыбыз. Түбөлүктүү жана Ченемсиз болгон Кудуреттүү Кудайга каршы жасаган күнөө үчүн туура келген жазанын ошондой эле түбөлүк жана ченемсиз болуусу туура (Римдиктерге 6:23, Аян 20:11-15). Куткаруучуга болгон муктаждыгыбыз ошондо!

Ыйса Машайак жерге келип, биздин ордубузга өлүм жазасын тартты. Ыйсанын- этке бөлөнгөн Кудайдын өлүмү, бул биздин күнөөбүз үчүн эбегейсиз зор төлөнгөн айып (2 Корунттуктарга 5:21). «Биз тарта турган жазаны өзүнө алып Ыйса Машайак акысын төлөдү». (Римдиктерге 5:8) Ыйса акысын төлөгөндөн кийин биз ал карыздан толук кутулдук. Анын кайра тирилгени, Ыйса өлүмү менен биздин күнөөлөрүбүздүн акысын жетиштүү өлчөмдө төлөгөнүн далилдейт. Ошондуктан, Ыйса гана бирден бир Куткаруучу боло алат (Жкн 14:6; Иштер 4:12). Сиз Ыйса Машайакка өзүңүздүн Куткаруучуңуз катары ишенгениңиз барбы?

Ыйса өзүңүздүн жеке Куткаруучуңуз боло алабы? Элдин көбү Христин динин чиркөөгө барып, каада салттарды аткарып, белгилүү күнөөдөн алыс болууну түшүнүшөт. Бирок, бул дале болсо Христиан дини эмес. Чыныгы Христиан дининин мааниси, Ыйса Машайак менен жеке мамилелешүүдө. Ыйсаны өзүнүн жеке Куткаруучусу катары кабыл алганы - бул өзүңүздүн ишенимиңизди Ага артканыңызда болот. Эч ким башка бирөөлөрдүн болгон ишеними аркылуу сактана албайт. Эч ким белгилүү иш-аракеттерди жасоо аркылуу кечиримге ээ боло албайт. Жалгыз куткаруунун жолу - Ыйсаны өзүнүн Куткаруучусу катары кабыл алып, Анын өлүмү биздин күнөөлөрүбүз үчүн төлөгөн айыбы жана Анын кайра тирилиши бул түбөлүк жашоого үмүт болгонуна ишенүүдөн (Жкн 3:16). Чын эле Ыйса сиздин жеке Куткаруучуңусбу?

Эгер сиз Ыйса Машайакты өзүңүздүн Куткаруучуңуз катары кабыл алгыңыз келсе, Кудайга төмөнкү сөдөрдү арнап айтыңыз. Бирок эсиңизде болсун, бул дубаны же башка бөлөк дубаны окуу сизди өлүмдөн сактабайт. Ыйса Машайакка болгон ишенүү сизди күнөөдөн куткарат. Бул дуба Кудайга өзүңүздүн Ага болгон ишенимиңизди айтууга жана Аны сизге куткарууну берүү үчүн алкыштын жөнөкөй жолу: “Кудайым, Сен астыңда күнөөлүүмүн жана ага жараша жазаны алышым керек. Бирок Ыйса Машайак мен ала турган жазаны өзү тартты жана Ага болгон ишеним менен күнөөдөн кутулганыма үмүт берди. Мен Сенин кечиримиң жөнүндө сунушуңду жүрөгүм менен кабыл алам, жана Сага куткарууга болгон үмүтүмдү жүктөйм. Ыйсаны өзүмдүн жеке Куткаруучум катары кабыл алууга даярмын! Сенин түбөлүк өмүрдү белек кылган укмуштуу ырайым жана кечиримдүүлүгүң үчүн алкыш айтам!» Оомийин!

Бул жерде окуганга муюп Машайак жакта болууга чечим кыласызбы? Эгер андай болсо, астындагы “Мен бүгүн Машайак үчүн чечим кылдым”, деген баскычты чык этиңиз.

English



Кыргыз үй барагына кайтуу

Ыйсаны өзүнүн Жеке Куткаруучусу катары кабыл алуунун мааниси эмнеде?
Facebook icon Twitter icon Pinterest icon Email icon
© Copyright Got Questions Ministries